SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өздүк баракчаны мурастоо" деген тема талкууга алынууда.
Автор темада мындай суроо салган: "Баарыбыздын ар түрдүү соцтармактарда өздүк баракчаларыбыз бар. Ага ар кандай файлдарды, сүрөттөрүбүздү, көп нерсени сактап койгонбуз. Адам каза болгондо анын баракчасы кимге калуусу керек? Кээ бир тармактарда колдонуучу каза болсо баракчасын өчүрүп салышат. Кээ бирлерин жакындары колдонуп келишет. Силердин көз карашыңар кандай?"
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен почталарымды, интернет баракчаларымды мурас катарында таштап кете албасам керек. Белгилүү бир убакыт бою почталар, интернет баракчалар колдонулбаса, алар өчүрүлөт да. Ошондой табигый көрүнүш менен өздөрү тынчып кетишин туура көрөм. Анан сыр сөздөрүмдү калтырып коюп, адамдардын кызыгуу сезими өнүккөн болот эмеспи, көрүмдө ары-бери оонап жаткым келбейт".
"Сыр сөзүн жакындары билсе, өздүк баракчаны өчүрбөй эле "кулпулап" койсо жакшы го, сагынганда көз жүгүртүп тургудай кылып".
"Сиңдим Москвада болчу. Анда агентке кирчүбүз, улам почтасына жазам, жооп бербейт. Көрсө, 2 күн мурда каза болгон экен. Арадан 2 ай убакыт өтсө керек эле, агентимди жандыра салсам, баягы каза болгон сиңдим онлайн болуп калыптыр. Калтырап-титиреп бир корком, көрсө, күйөөсү жандырып алып, келген каттарды окуп ыйлап отурган экен".
"Кээде ойлонуп коём ушул жөнүндө, анан мындай ой келет, балким, соцтармактарда дагы мүрзө ачыш керекпи деп. Бул дүйнөдөн өтүп кеткендердин баракчаларын ал жерге "көмүп", кийин балдары, тукуму ата-энеси, баба-теги жаш кезинде эмне кылганын караганга болот эле".
"Эгер профилиңде көзүң өткүчө топтогон жашооңдогу фото, видеолор сакталуу болсо, эмнеге жакын адамыңа калтырганга болбосун?"
"Кокус өлүп кетсем бул видео, сүрөттөр кайда калат деп ойлоп калчумун. Көбүн сыр кылып катып койгонмун, мурастоону ойлонуп көрүү керек экен. Мен файлга ырларды да катып салганмын".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.