Тайырбек Сарпашев: "Шайлоодо айылдык операторлордун даярдыгы бишкектиктердикине салыштырмалуу жогорураак экени көрүндү"

11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңешке шайлоо менен референдумда айылдык операторлордун даярдыгы бишкектиктердикине салыштырмалуу жогорураак экени көрүндү. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча жалпысынан 2381 шайлоо тилкеси ачылып, 9 миңге жакын оператор иштеди. "Иш бардык жерде бирдей болгон жок. Айрым шайлоо тилкелеринде техника иштебей жатты. Ивановка айылында добуш берүү 2 саатка токтотулду. 200 шайлоочу күтүп турууга мажбур болду. Калган жерлерде шайлоо анчалык узакка токтогон жок", - деди Сарпашев.

Мындан тышкары ал Бишкек шаарынын жана аймактардын операторлорунун шайлоого даярдыгын салыштырды. "Мисалы, Бишкекте жалпысынан 1400 адамдын манжаларын жабдуу окубай жатты. Адистер шайлоо тилкелерине барып бул маселени чечүүгө мажбур болушту. Салыштырсак, Жалал-Абад облусунда 160 адамдын манжасы окулган жок. Демек, шаардагы операторлордун даярдык деңгээли айылдыктардан начар болду. Биз ушундай тыянакка келдик", - деп билдирди Мамкаттоо кызматынын төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Topchubai
2016-12-14 15:57:25
Манжасын тез эле окуду го.Лейлекке келгенинизде,оз козунуз менен кормоксуз Тайырбек мырза.
0
kutlibek
2016-12-14 22:15:30
Негизинен озу бул компьютерге туташылган термопринтер жакшы установка болгон эмес экен эле, бизде дагы иштебей калып, удалит кылып башынан установка кылгандан кийин тынымсыз иштеп берди
0
Mononoke
2016-12-16 12:16:05
бизде да сонун иштеди, негизгиси хап менен мышка китаяза экен вообще иштебей койду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан