Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Орозбеков жана Саадаев көчөлөрүнүн абалы айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Орозбеков көчөсүнүн Жибек-Жолу көчөсүнөн баштап Төмөнкү Ала-Арча айылына чейинки 2,5 чакырым аралыгында абал оор. Жергиликтүү жашоочулар бийлик өкүлдөрүнө кыжырдануусун билдирип, 10 жылдан бери оңдоо иштери боло электигин айтышты.
"Мен ушул аймакта жашап, 15 жылдан бери такси кызматында иштеймин. Мен билгенден Орозбеков, Саадаев көчөлөрү акыркы 10 жылдан ашуун убакыттан бери оңдоло элек. Жыл сайын 50 метр жерге асфальт төшөсө да жол курулуп бүтөт эле. Жок дегенде чуңкурларды жамап койгон жок. Элди ойлогон жетекчи калбады", - деп билдирди таксист Кадырбек Дүйшөналиев.
Бул жолдордон жол тандап айдоого да мүмкүн болбой калган абалда экенин байкоо кыйын эмес. Ансыз да абалы начар жолдорго жашоочулар өз алдынча таш төгүп салганын көрүүгө болот. Ал тургай бир топ убакыттан бери таштандылар алынбай жатат.
"Жолду оңдобосо болбой калды. Мында жашаган ар бир адамдын жашоо-тиричилиги жолго байланыштуу. Мен 4 жылдан бери жүк ташып иштеймин. Тапкан акчам унааны оңдоого кетип жатат. Оор жүк менен аңга түшсөң унаанын тетиктери сынып, алмаштырууга туура келүүдө. Маселени эртерээк чечпесе, эл кыйналып кетти. 2 күндөн бери жол четинде топтолгон таштанды жатат. Алып койгон эч ким жок", - дейт айдоочу Мирлан Нурдинов.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыжапаркул Жанболотов: "Кытай Бишкек шаарындагы 49 көчөнү оңдоого 478 миллион юань (4 миллиард 780 миллион сом) өлчөмүндө грант бөлүп берген. Оңдолуучу көчөлөрдүн тизмесине Орозбеков көчөсү да кирген", - деп айткан.
Эске салсак, 28-ноябрда окурман "Элдик кабарга" Орозбеков көчөсүнүн ылдый тарабынын абалы мышык ыйлагыдай болуп турганын билдирген.