Дмитрий Медведев: "Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы туруктуу жана ишенимдүү өнүгүүдө"

"Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы туруктуу жана ишенимдүү өнүгүүдө". Бул пикирди бүгүн, 23-апрелде Москвада премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуу учурунда Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев билдирди. Анын айтымында, бул жолугушууга кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын багыты боюнча жүргүзүлгөн олуттуу иштер себеп болду. “Бул багытта талкууга алына турган белгилүү жыйынтыктар бар. Ошондой эле биз келечектеги пландарды да талкуулообуз керек”,- деди Медведев. Өз кезегинде Жантөрө Сатыбалдиев Москвага иш сапары менен келип кетүү үчүн чакыруу болгондугуна жана көрсөтүлгөн меймандостукка ыраазычылык билдирди. “Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүү 2011-жылга салыштырмалуу 20 пайызга жогорулаган жана анын көлөмү 2 миллиард доллардан ашкан”,- деди Сатыбалдиев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан