Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы жыйынында жергиликтүү кеңешке шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктары талкууланууда. Вице-спикер Алтынай Өмүрбекова шайлоо бюллетендери жука болгону жана маркерлер колдонулганы үчүн нааразычылыгын билдирди.
"Добуш бергенден кийин бюллетендин артынан маркердин изи көрүндү. Бул атайын жука кагаздан жасалгандай сезилди", - деди Өмүрбекова.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын билдиргендей, бюллетендер стандарттуу кагаздан тийиштүү формада жасалган. "Мурда маркерлер колдонулганда, автоматтык эсептөөчү урна бюллетенди окуй албай койчу. Ошондуктан атайын маркерлерди алдык. Алардын изи бюллетендин арткы жагынан көрүнгөнү боюнча арыздар түштү. Бул маселенин үстүнөн иштейбиз", - деди Шайлдабекова.