Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, азыркы тапта атып түшүрүү иштери Бишкек-Ош унаа жолунун 132, 135-чакырымдарында жүрүүдө. Коопсуздукту камсыздоо максатында Көлбаев атындагы тоннель убактылуу жабылды.
Эскерте кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүүрүү иштери 10-декабрдан бери уланып келет.