Кыргыз жергесинде программалоону үйрөтүүчү "Код сааты" дүйнөлүк өнөктөштүк иш-чарасы өтөт

15-17-декабрь күндөрү Бишкектеги Kасымалы Баялинов атындагы китепканада жаштар үчүн "Код сааты" иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучу Чоробек Сааданбек бүгүн, 14-декабрда кабарлады.

"Код сааты" - компьютердик программист кесибине жаштардын көңүлүн бурууга арналган бүткүл дүйнөлүк өнөктөштүк. Ага үгүттөө иштерине АКШнын президенти Барак Обама жана Шакира, Эштон Катчер сыяктуу атактуулар катышып келишет. Жергебизде "Код сааты" быйыл экинчи жолу өтүп жатат. Ага каалаган адам катышууга укуктуу", - дейт уюштуруучу.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан 30 мектептин окуучулары, жалпысынан 3 миңге чукул балдар катышып жатат. Эртеңки "Код саатына" Шопоков шаарчасынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн балдар келишет. Балдарга байге катары түстүү китептер, футболкалар жана сертификаттар ыйгарылат. Мындан сырткары программалоону үйрөнгүсү келгендер үчүн иш-чарага кирүү акысыз экенин белгилейт уюштуруучу.

"Ар бир сабакта катышуучулар үчүн 45-50 компьютер бөлүнөт. Ошондой эле каалоочулар өздөрүнүн компьютер, ноутбук, планшет же смартфону менен да келишсе болот", - деп кошумчалады Чоробек Сааданбек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан