Былтыр Кыргызстан менен Германиянын тышкы соода жүгүртүүсү 215 миллион долларды түзгөн

2012-жылы Кыргызстан менен Германиянын тышкы соода жүгүртүүсү 215 миллион долларды түзгөн. Тактап айтканда, 2011-жылга салыштырмалуу 39,4 пайызга  жогорулаган. Мындай маалыматты Экономика министри Темир Сариев 22-23-апрелде Берлинде өткөн “Германия жана Борбордук Азия - кызматташуу аркылуу өнүгүү” аттуу XIV экономикалык жыйынында билдирди. Темир Сариев 20 жыл аралыгында эки тараптуу кызматташууда өнүгүүгө багытталган бир топ иш-чаралардын жана долбоорлордун белгилүү багыттары иштелип чыккандыгын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан