Бишкекте Чүй облусунун 1989-жылы туулган И.Ч. аттуу тургуну маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, И.Ч. Октябрь РИИБине жеткирилип, көтөрүп жүргөн пакети текшерүүгө алынган. Анда пакеттин ичиндеги кара түстөгү кышкы бут кийимден жалпы салмагы 310 граммды түзгөн маңзат табылган. Учурда кармалган жаран тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери уланууда.