ЖЫЛНААМА, 14-ДЕКАБРЬ: 27 жыл мурун СССРдин алгачкы суутек бомбасынын автору Андрей Сахаров көз жумган

27 жыл мурун, 1989-жылы 14-декабрда орусиялык физик жана коомдук ишмер, СССРдин алгачкы суутек бомбасынын автору, “Нобель” сыйлыгынын ээси Андрей Сахаров көз жумган.

Ал 1921-жылы 21-майда Москва шаарында физика илими боюнча профессордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1942-жылы Москва мамлекеттик университетинин физика факультетин аяктаган.

Согуштан кийин ал кванттык физика боюнча адис Игорь Тамм менен институтта чогуу иштеп баштайт. 1947-жылы окумуштуу кандидаттык диссертациясын жактаган. Сахаров суутек бомбасын жасап, ал үчүн СССРдин Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү болгон. Ошондой эле ал магниттик гидродинамика, плазманын физикасы, астрофизика, тартылуу күчү боюнча бир нече эмгектерди жараткан.

1953-жылы июль айында доктордук диссертациясын жактап, 1953-жылдан 1968-жылга чейин ядролук куралды өздөштүрүү менен алектенген. Мындан тышкары Александр Сахаров коммунизмдеги либерализациянын жактоочусу катары дагы таанымал болгон. 1975-жылы "Өлкө жана дүйнө жөнүндө" деген саясий темадагы эмгек жаратып, ал үчүн "Нобель" сыйлыгына татыктуу болгон.

14-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан