Ошто Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан 24 тургунга эстелик медалдары тапшырылды

Бүгүн, 14-декабрда Ош шаарында Чернобылдагы саркофагдын жабылышы боюнча эскерүү жолугушуусу болду. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, бөлүм башчылар, Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкандар, анда каза болгондордун үй-бүлөлөрү катышты.

Мэриядан кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө апааттын каза болгон тогуз катышуучусунун үй-бүлөсүнө жана 15 катышуучуга медаль тапшырылды.

Айта кетсек, жалпысынан Ош шаары боюнча 104 адам Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышып, бүгүнкү күндө алардын 38 катышуучусу калган. Алар мамлекет тарабынан камкордукка алынып, бардык женилдиктер каралган.

Белгилей кетсек, Украинадагы Чернобыль атом станциясында авария 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Бул жарылуунун кесепетинен реактивдүү зат аба менен постсоветтик кошуна үч өлкөнүн аймагын жана Европанын бир бөлүгүн булгаган. Анда жүз миңдеген адамдар жабыркап, миңдеген куткаруучулар дартка чалдыгып, майып болуп калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан