Түркия Кыргызстанда жаңы оорукана курууга жардам берет

22-апрелде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Түркия кызматташтык жана өнүгүү башкармалыгынын (ТИКА) программаларынын координациялык кеңсесинин башчысы Хакан Эргюн менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө түркиялык тараптын каражатына Кыргызстанда оорукана куруу боюнча сөз болду. Хакан Эргюн ТИКА Бишкек шаарында же Чүй облусунда оорукана курууга жардам берүү боюнча чечим кабыл алгандыгын айтты. Ооруканага тиешелүү жабдуулар берилип, медициналык мекеменин курулушунун алгачкы эки жылы каржыланары айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан