2004-2005-жылдардагы Индиядагы Мумбай жана Бразилиядагы Порту-Алегри шаарларында Билим берүү жана Пикир алмашуу борборлорунун жолугушуусунда 15-декабрда Чай күнүн белгилөө чечими кабыл алынган. Бул күн расмий эмес майрам болгондуктан, эс алуу күнү деп жарыяланбайт.
Майрамды белгилөөнүн максаты - өкмөттүн жана жарандардын көңүлүн чай сатуудагы көйгөйлөргө, чай өндүрүшүндө иштеген жумушчулардын абалына, өндүрүшчүлөр кабылган кыйынчылыктарга буруу.
Бул күнү өзгөчө Кытай, Шри-Ланка, Индия, Бангладеш, Непал, Вьетнам, Индонезия, Кения, Малайзия, Уганда жана Танзания сыяктуу чай өндүрүшү менен белгилүү өлкөлөрдө масштабдуу түрдө майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп турат.
15-декабрга карата жылнаама.