Кыргыз эли автоунаа оңдотуу үчүн жылына 20 миллиард сом коротот

Кыргыз Республикасында жылына ички дүң продукциянын 4 пайызы автоунааларды оңдоого жумшалат. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун билдиришинче, бул - 20 миллиард сом. Каражаттын көбү жол кырсыктарына учураган унааларды калыбына келтирүүгө жумшалып жатканын айтат депутат.

"Той-топурларга, ири салтанаттарга жумшалган акчаларды биринчи кезекте коопсуз шаарды камсыз кылуучу жабдыктарга сарптасак туура болмок. Дүйшөмбү, Астана, Тараз сыяктуу коңшу өлкөлөрдүн бир топ ири шаарларында колдонулуп жаткан “Коопсуз шаар” долбоору өз натыйжасын берүүдө. Туш-туштан видеокөзөмөл болуп турса, элибизде “уятка калбайын” деген намыскөйлүк ойгонмок", - дейт Жапаров.

Маалыматка таянсак, Ооган согушунда Кыргыз Республикасынын 55 миң жоокери жаракат алган болсо, өлкөдө акыркы 10 жылда жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 65 миң кишиге жетти.

Эскерте кетсек, Акылбек Жапаров айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун даярдады. Ага ылайык, мас абалында автоунаа айдагандар биринчи жолу кармалса, айып пул салып, экинчи жолу мас абалында кармалса, 5 жылга айдоочулук укуктан ажыратуу сунушталууда. Ал эми мас абалында унаа айдап баратып адамды сүзүп, жабырлануучу каза болуп калса, күнөөлүү айдоочуну айдоочулук укуктан биротоло ажыратуу нормасы киргизилип жатат. Ошондой эле кармалган мас айдоочуга тийиштүү чара көрбөгөн Жол-кайгуул кызматынын өкүлүнө 20 миң сом суммасында айып салуу жагы каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ekaterinburg
2016-12-15 09:56:55
Ким билет ай,ким билет.Мыйзамды чыгарасынар,анынар болсо"курсак тойгузаарлык" иштебейт.Айдоочу куболук саткандарга да чара корбойсунорбу!?
0
semo
2016-12-15 18:03:37
Биринчи айдоочулук күбөлүктү сатпай окуп ала турган кылыш керек бизде екзаменден өтпөй калгандар жокко есе баары айдаганды билет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан