Каракол шаарында батирде өрт чыгып, үй ээси түтүнгө ууланды

Каракол шаарында батирде өрт чыгып, үй ээси түтүнгө ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-декабрга караган түнү Восход кичи районундагы №15-үйдүн 43-батиринде өрт чыгып, 3 төшөк күйгөн. Анын кесепетинен үй ээси 1976-жылы туулган Бекболот Шаменов түтүнгө ууланган. Мындан улам ал "Тез жардам" кызматы аркылуу Каракол шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда абалы жакшы.

Өрттүн келип чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан