SUPER.KG порталына "Бишкектеги автобустардын "мүрзөсү" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Go_Pro).
Видеодо борбор калаадагы керектен чыккан автобустар тууралуу сөз болот. Ошондой эле унаалар жөн гана жерди ээлеп, "мүрзөнү" эске салып турганы айтылат. Аларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү мүмкүн эмес. Себеби аны чыгарган Кытайдын заводу эбак эле мындай унааларды жана ага керектүү тетиктерди чыгарбай калган. Жарактуу мөөнөтү 5 жыл делген автобустар дагы да болсо элди ташып жүргөнү айтылат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.