Бишкектиктер коомдук унаада жол кирени карталар менен төлөй башташат

Бишкек шаарында коомдук унааларда жол кире төлөө тартиби автоматташтырылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов 14-декабрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди.

Долбоор бир-эки айдын ичинде ишке ашырылат. Транспорттук карталар чыгарылып, ага жүргүнчүлөр телефонго бирдик жүктөгөндөй эле каражат топтоп жол кире төлөө мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Төлөмдү кабыл алууга коомдук унааларга валидатор жабдыгы коюлары айтылды. Ошондой эле коомдук транспорттордо “Абайлагыла, эшик ачылат!” деген сыяктуу автоматтык түрдө коопсуздук эрежелерин эскерткен кулактандыруулар жарыяланып баштайт. Ар бир токтогон аялдаманын дарегин айтып, тааныштырып турган бир кездеги салт кайра калыбына келтирилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
hihikayu
2016-12-15 10:03:51
Ошточуууу
+1
momun74
2016-12-15 10:09:07
Жакшы болмок ошентсе барчу жерибизди адашпай таап
+8
A3A
2016-12-15 10:21:57
:) жакшы болмoк, айнектен шыкаалабай
+10
Bakyi
2016-12-15 10:46:54
Абдан жакшы иш. Бул кетиш
Онуккон мамлекеттердин артынан кеткендик
Чон шаарларда ушундай и мамлекеткеда акча тушот
+9
Basko94
2016-12-15 11:01:37
Соонун болмок
+1
Keremet008
2016-12-15 11:12:55
Ошентсе го жакшы. Ар бирибиз ошондо аялдамадан гана тушуп калабыз да 10- домго токтоп койчу дебей. Жана дагы ар кандай толом кылыш кк кобуроок акча салса арзаныраактан туура келе тургандай кылып.
+2
USSR
2016-12-15 11:29:16
Коомдук транспорт бекер болот деп кайсы партия "алдады" анда?
-6
Adi.Avazbekov
2016-12-15 12:57:45
Жакшы жанк москва эчак эле откон мындайга. Бизде качан ушундай болот экен деп койчубуз. Буйурса аз калыптыр. Анан аялдамада гана токтош кк 10 сом учун ар кайсыл жерде токтой бербей пробка кылып. Машруткаларды шаардын сыртына каттатыш кк а шаарда жалан гана автобус, тралейбустар журуш кк. Ар бир аялдаманын атын айтып ичинде жазууда чыгып туруш кк
+4
Il9s
2016-12-15 14:26:16
мартшруткаларга коюлбайт да ээ
-1
ABDISHkg87
2016-12-15 15:41:42
Эн соонун идея! Болгону маршрутка болобу автобус болобу аялдамага токтосо Жакшы болмок, Эвропы дегеле башка мамлекеттерде журуп келип Корунгон жерге токтогон коомдук унааларды коруп кыжырын келип аябай жаман корунот экен!
+1
BekAmir
2016-12-15 20:02:45
Туура. Элден тушкон акчаны шоопур сол чонтокко уралбайт ошондо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан