Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайы убактылуу жабылат

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайы убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, казак тараптын өтүнүчү менен "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайы бүгүн саат 10:00дөн 12:00гө чейин убактылуу жабык болот. Буга "Кордай" көзөмөл-өткөрүү жайындагы көмөк чордондорду оңдоп-түзөө иштери себеп болууда.

Ал эми кыргыз-казак чек арасындагы башка көзөмөл-өткөрүү жайлары штаттык режимде иштешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан