Депутат казакстандыктардын Кыргыз жеринде 30 күн каттоосуз жүрүшүнө уруксат берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жыйынында депутат Алмазбек Эргешев Казакстандын жарандары Кыргыз Республикасында 5 күн каттоосуз жүрө алышарына нааразычылыгын билдирди.

"Мен түшүнбөй жатам, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон Орусия менен Беларустун жарандары Кыргыз жергесинде 30 күн каттоосуз жүрө алышат экен, ал эми коңшу Казакстан менен бул мөөнөт 5 эле күн. Өкмөтүбүз бул маселени чечиши керек. ЕАЭБге кирген мамлекеттерде каттоосуз жүрүү мөөнөтү бирдей болуш керек", - деп кайрылды өкмөттүн өкүлүнө Эргешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан