Америкалык "Forbes" журналы 2016-жылы Орусиянын президенти Владимир Путинди төртүнчү жолу катары менен "Жылдын эң таасирдүү адамы" деп тапты. "Өз мекенинде да, Сирияда да, Америкадагы президенттик шайлоодо да Орусия лидери өзү каалаган нерсеге жетишип келе жатат", - деп жазат басылма.
Экинчи орунда АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп, үчүнчү орунда Германиянын канцлери Ангела Меркель экени жарыяланды. Төртүнчү орунда Кытайдын лидери Си Цзиньпин, бешинчиде Рим Папасы Франциск турат.
Былтыр алдынкы бештик мындай түзүлгөн:
1. Орусиянын президенти Владимир Путин;
2. Германиянын канцлери Ангела Меркель;
3. АКШнын президенти Барак Обама;
4. Рим Папасы Франциск;
5. Кытайдын лидери Си Цзиньпин.