Бишкекте 1,5 айдан бери дайынсыз делген 18 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1998-жылы туулган Чолпон Мурзакулова үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында Учкун кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес. Ал ата-энесине жолугуудан качып, телефон аркылуу аны издебей эле коюшун суранган.
Ал ошол күнү көк күрмө, көк жынсы, кара өтүк кийип жүргөн. Бою 165-170 сантиметр, арык чырай, чачы кара түстө.
Эгерде аны көрүп-билгендер болсо, 0550 102-872, 0772 180-945 телефон номурлары аркылуу билдирип коюңуздар.