Мамлекеттик каттоо кызматы: "Айдоочулук күбөлүк үчүн акча бир гана банкка төлөнөт. Кызматкерге 50 сомдон берүү - коррупция"

Кечээ, 14-декабрда "Элдик кабарга" окурман: "Мамлекеттик каттоо кызматында бир А4 арыз толтуруу баракчасы 50 сом, анан сүрөткө деп дагы 50 сом алат экен. Айдоочулук күбөлүгү үчүн банкка дагы 1200 сомдой төлөйсүң. Бул акчанын баары мамлекетке түшөбү, ага бааны ким коёт?" - деп суроо салган эле. Бүгүн, 15-декабрда жогоруда аталган кызмат өкүлдөрүнө байланышып, окурмандын маселеси боюнча сурадык.

Маалыматтарга караганда, Мамлекеттик каттоо кызматындагы иштеген кызматкерлердин колуна эч кандай 50 сомдон берилбеши керек. Бардык керектүү акча банк же банкомат аркылуу төлөнүшү керек. Ал эми башка ыкма менен акча төлөө мыйзамга туура келбейт.

"Айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн жаран банк кызматы менен кошо 1200 сомдой акча төлөйт. Акча бир гана банкомат же банктын кассасы аркылуу төлөнүшү зарыл. Ал эми ошол жерде терезенин ары жагында отуруп акча сурагандарга жарандар эч качан акча бербеши керек. Көрүнгөн кызматкерге 50 сом же андан ашуун акча берүү коррупция деп эсептелинет. Каттоо кызматындагылардын жарандардан акча алууга акысы жок.

Ар бир кызматкердин жанында отуруп, алардын иштегенин күзөтө албайбыз. Ошон үчүн коррупция болбосун деп атайын камераларды орнотконбуз. Же болбосо ишеним телефондору аркылуу мыйзам бузуулар тууралуу бизге билдиришсе болот. Буга чейин да андай мыйзам бузуулар катталып, кээ бир кызматкерге сөгүш берилип же жумуштан алынган учурлар болгон", - деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ere
2016-12-15 11:30:41
Автоунаанын налогун тологону барганыбызда наклейкасына 100сомдон талап кылып жаткан бул да мыйзамга туура келбесе керек
+1
maks94.kb
2016-12-15 12:01:45
Мен 200 сом берип а4 баракчасын алгам бир ай мурда а так тигиге буга деп олтуруп тажатып жиберет
+1
Zarlyk.322
2016-12-15 12:15:56
Айдоочулук куболук алганга РЕОго канча акча кетет айтып койгулчы.Сураныч
0
MES
2016-12-15 13:16:36
Ээ бар жокто эле бар.
Салык кызматында да ошондойкен. Патент алаарда системага киргиздим деп 50 сом, регистрация деп 50 сом алышат экен банкка төлөгөндөн, бланкасынан сырткары.
0
leilek_suluktu
2016-12-15 23:22:46
ушул проблема чечилбей жатабы менин айдочу куболугум чан басып жатат сандыкта бюрса машина алсам сандыктан аламда.
-1
mila6ka
2016-12-16 10:03:08
Биз окуп алганда эч кандай 50 сом тологон эмеспиз кассага эле 1200 сом толоп алганбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан