Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Кыргыз жергесинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата бир да иш-чара өткөрүлбөгөнүнө нааразычылыгын билдирди.
"Айрым студенттер Чыңгыз Айтматовду куудул катары таанышат экен. Бул өтө терс көрүнүш. Жакында жазуучунун туулган күнү болуп, Европа, Америка мамлекеттеринде белгиленди. Бизде болсо белгиленген жок. Бийликтегилерден эч кимиси "Ата-Бейитте" куран окуткан жок. Эмнеге улуу жазуучубузду мынчалык кордодук? Айтматовду эскербөө - бул маңкурттук. 2011-жылы парламент Айтматовдун чыгармачылыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча токтом кабыл алыптыр, бирок бири да аткарылбаптыр. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети бул боюнча отчёт берсин", - деп суранды спикерден Момбеков.