Америкалык 80 жаштагы Бетт Нэш "дүйнөдөгү эң улгайган стюардесса" аталды

Америкалык Бетт Нэш 60 жылга чукул убакыттан бери стюардесса болуп эмгектенет. "American Airlines" компаниясынын 80 жаштагы кызматкеринин жашоо тарыхына CNN телеканалынын кызматкерлери көңүл бурушкан. Чет элдик басылмалар Бетт Нэшти "дүйнөдөгү эң улгайган стюардесса" деп аташууда.

Бетт Нэштин айтымында, борт коштоп жүрүүчү болууну ал өспүрүм кезинен бери кыялданып келген. 1957-жылы 4-ноябрда кыялындагы жумушка орношкон. "Ошол кезде аба күчтөрүндөгү саякаттоо абдан сонун болуп, жүргүнчүлөргө атайын кооз идиштерге түрдүү тамак-аштар берилчү. Андыктан салон ичинде оор идиштерди ары-бери ташып жүрүү стюардессаларга кыйынчылык жаратчу", - деп эскерет Бетт жаш кезин.

Бүгүнкү күндө бардык эле жарандык авиациядагыдай кызмат көрсөтүү жөнөкөйлөтүлгөнүн, мурункудай эле өзүнүн жумушун жана жүргүнчүлөрдү сүйөрүн айткан.

Дүйнөдөгү эң улуу стюардесса
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан