Талас облусунун Бакай-Ата районунда 6 миңден ашуун бала балдар бакчасына барбайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда SUPER.KG порталына Бакай-Ата районунун акиминин социалдык иштер боюнча орун басары Айжамал Шамбетова билдирди.
"Келечек муундарга кам көрүп, алдарды балдар бакчасында тарбиялоо аракети көрүлүп келет. Бүгүнкү күндө 1443 бала балдар бакчасында тарбияланып жатат. Жакында Шадыкан айыл аймагында 3 миллион сомдон ашуун каражатка бала бакча курулуп, ишке берилди. Мында 64 бала кабыл алынды",- деп билдирди Шамбетова.
Маалыматка ылайык, учурда Бакай-Ата районунда 11 бала бакча бар. Аталган райондо 44 миңден ашуун калк жашайт.