Өлкөдө 35 мамлекеттик органдын алдында 300дөй Коомдук кеңеш мүчөлөрү иштөөдө

Кыргыз жеринде 35 мамлекеттик органдын алдында 300дөй Коомдук кеңеш мүчөлөрү иштеп жатат.

"Активдүү жарандык сектор мамлекеттик институттарды чыңдоо, алардын ишинин ачыктыгын камсыздоо ишинде өз ордун тапты. Бирок мамлекеттик органдар менен Коомдук кеңештердин кызматташтыгында дагы эле көйгөйлөр бар. Айрым учурларда бирге иштешмек түгүл, тескерисинче, ачык эле тирешип жатышат. Бардык эле Коомдук кеңештер өзүнүн ишинин натыйжалуулугун көрсөтө алышпайт, пландык кеңешмелерин өткөрүшпөйт, ал эми айрымдары дагы эле толугу менен калыптанып бүткөн эмес", - деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 15-декабрда өкмөттүк жыйындардын биринде.

Белгилей кетсек, Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланышат. Максаты - мамлекеттик органдарга карата жарандык коомдун көзөмөлүн күчөтүү. Бул институт 2010-жылы ошол кездеги президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан