Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү долбоорун" каржылоо жөнүндө макулдашуу 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Тийиштүү мыйзамга 15-декабрда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 10-ноябрында кабыл алган.
Ага ылайык, Кербен, Токтогул, Балыкчы жана Сүлүктү шаарларынын муниципалдык кызмат көрсөтүүсүн, инфраструктурасын жакшыртууга аталган уюм тарабынан акча бөлүнөт. Акчанын суммасы - 12,8 миллион доллар. Мунун 6,6 миллион доллары жеңилдетилген насыя, 5,4 миллион доллары гранттык каражат. Буга кошумча өкмөт 2,4 миллион доллар бөлүүгө тийиш.