ЖЫЛНААМА, 15-ДЕКАБРЬ: 46 жыл мурун "Венера-7" станциясы Венера планетасына биринчи ирет ийгиликтүү конгон

Планеталар аралык "Венера-7" станциясы 1970-жылы 17-августта Байкоңур космодромунан учурулуп, 15-декабрда Венера планетасына биринчи ирет ийгиликтүү конгон. Станция Венерага конгон соң ал жерде 23 мүнөттүн ичинде планетаны изилдеп, маалыматтарды Жерге жиберген. Анда Венерадагы абанын температурасы 25тен 475 градуска чейин өзгөрөрү белгилүү болгон.

Ага чейин 60-жылдары "Венера-1" жана "Венера-2" станциялары аталган планетага жиберилип, бирок траекториядан чыгып кетишкен. Ал эми "Венера-3" планетага жетип, бирок коно алган эмес. "Венера-4" станциясы андан 23 чакырым алыс жерде кыйроого учураган. Калган эки станция Венерага 20 чакырым аралыктай жетпей калышкан.

15-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан