17-18-декабрь күндөрү Бишкекте "Manas Cup-2016" дебаттык турнири болот. 13-ирет уюштурулуп жаткан иш-чара Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде орун алмакчы. Бул тууралуу Республикалык дебат борборунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, дебатка Бишкектеги 12 жогорку окуу жайдын студенттери, саясий партиялардын жаштар канаттарынын өкүлдөрү жана аймактардан келген дебатчылар катышат.
Бул иш-чарада тарых жана маданият багытындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору каралат: өлкөдө тарыхый жерлердин туура пайдаланылбаганы, улуттун жок болушуна башка маданияттын тийгизген таасири сыяктуу маселелердин актуалдуулугу. Бул сыяктуу маселелерге кайдыгер карабаган жаштар дебат аркылуу чечүү жолдорун сунушташат.