Эльвира Сариева президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуп дайындалды

Эльвира Сариева президенттик аппараттын cоциалдык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 15-декабрда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Эльвира Сариева 2014-жылдын декабрынан 2016-жылдын октябрына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген. 2 ай мурун министрлик кызматтан кетүүгө арыз жазып, отставкага кетүүсүнө үй-бүлөлүк шарты түрткү болгонун айткан эле.

Сариева 2014-жылы социалдык тармак боюнча вице-премьер-министр болуп да эмгектенген.

Эльвира Сариева 1975-жылдын 27-августунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жарык дүйнөгө келген. 1998-жылы Бишкек гуманитардык университетин, 2000-жылы British Broadcasting Corporation (Маалымдоо мектеби), 2002-жылы КР Президентине караштуу Башкаруу академиясын, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Юридикалык академияны аяктаган. Көп жыл эл аралык уюмдарда иштеген, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан