Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эс алуу багын оңдоо үчүн каражат топтоо акциясы болуп өттү. Акцияга шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекечилери, дин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри эс алуу багы акыркы убактарда камкордукка алынбай, кароосуз калганын айтты. Мындан сырткары 2017-жылы аталган жайды оңдоого 20 миллион сом бөлүп берүү пландалып жатканын кошумчалады", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багы 9 гектар жерди ээлейт. Аталган сейил бакты оңдоо иштери 2017-жылы башталмакчы. Эс алуу багы заман талабына ылайыкташтырылып жасалгаланат. Айтылуу төкмө акындын атын алып жүргөн бак 1919-жылы негизделген.