Жогорку Кеңеште 15-декабрда "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Демилгечилер учурда мамлекеттик символика боюнча так эталондор жок экенин, бирдиктүү талаптар жана дизайн сакталбай, символдордун түрдүү варианттары колдонулуп жатканын айтышты. Ошондуктан өкмөткө мамлекеттик символиканын техникалык параметрлерин кеңири сүрөттөгөн "Мамлекеттик символиканын эталондору тууралуу" документ кабыл алуу сунушу берилүүдө.
Бул демилгени депутат Өмүрбек Текебаев колдой турганын билдирип, мамлекеттик символдордун эталондук үлгүлөрүн белгилүү бир жерде сактоо, аны мыйзамда так аныктоо зарылдыгын айтты.
Белгилей кетсек, өлкөнүн герби, желеги түрдүү вариантта колдонулуп жүрөт. Мисалы, желектин сүрөтүндөгү түндүктүн элесинин ар түрдүү варианттары кездешет.