"Супер-Инфонун" кабарчысы Асхат Субанбеков "ХелпЭйдж Интернэшнл" уюму уюштурган сынакта жеңүүчү аталды

"Супер-Инфо" гезитинин кабарчысы Асхат Субанбеков "ХелпЭйдж Интернэшнл" уюму тарабынан жергиликтүү ММКлар арасында уюштурулган сынакта жеңүүчү аталды. Сынак "Карылар иш-аракетке чакырат" программасынын алкагында өткөрүлгөн.

Уюштуруучулар кабарлашкандай, сынакка катышуучулар карылардын коомдогу ордун, коомго тийгизген таасирин жана алардын көйгөйлөрүн чагылдырган макалаларын жөнөтүшкөн. Жалпысынан 30 журналисттин ичинен 12 журналисттин эмгектери иргелип, финалдык баскычка өткөрүлгөн. Жыйынтыгында "Басылмалар арасындагы мыкты эмгек", "Теле жаатындагы мыкты эмгек", "Радио жаатындагы мыкты эмгек" жана "Интернет-басылмалар арасындагы мыкты эмгек" номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Асхат Субанбеков "Басылмалар арасындагы мыкты эмгек" номинациясы боюнча жеңүүчү аталды. Ал сынакка Талас облусунда 20 жылдан бери гезит сатып иштеген 78 жаштагы аксакал тууралуу жана 63 жаштагы скульптор тууралуу макалаларын жиберген. "Супер-Инфо" гезитине жарыяланган эки макала тең карылардын позитивдүү образын берген эмгек катары бааланган.

"Азыр карыларга болгон коомдун көз карашын, мамилесин өзгөртүү зарыл. Уул-кызы турса да карылар үйүнө жеткирилген адамдардын көбөйүшү өлкөбүздө карыларга болгон мамиленин начар экенин айгинелейт. Ошондой эле өкмөт тарабынан да карыларга көңүл бурулуп, социалдык жеңилдиктер, күнүмдүк жашоо шартына жете турган пенсия каралышы керек. Ар бир кары дөөлөттүү, татыктуу, активдүү өмүр сүрүүгө укуктуу", - дейт кесиптешибиз.

"ХелпЭйдж Интернэшнл" уюму 1983-жылы дүйнө жүзүндөгү улгайган адамдарга жардам берүү максатында Канада, Колумбия, Кения, Индия жана Улуу Британиянын уюмдары тарабынан негизделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
muzykant
2016-12-15 13:41:57
Ийгиликтер жарала берсин дагы дагы
+5
aytunuk
2016-12-15 13:54:17
Азаматсын Аскат ишин илгерилей берсин
+2
suranam
2016-12-15 14:20:30
Кут болсун!!!Ийгилик !!!
+1
tynkatar03
2016-12-15 14:38:26
Кут болсун брат ишине ийгилик! Тээтиги он жактагы четте турган Суймонкулбу аны дагы куттуктайм!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан