Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевге арналып эстелик коюлду. Эстеликтин ачылышы бүгүн, 15-декабрда өтүп, ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Аалы Карашев, маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков өңдүү чиновниктер, акындын жакындары жана башкалар катышты. Сөз сүйлөгөндөр акын артына баа жеткис маданий мурас калтырып кеткенин белгилешип, анын алган сыйлыктарын эскеришти.
Эскерте кетсек, Сооронбай Жусуев 2016-жылдын 4-февралында 90 жаш курагында каза болгон.