Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жыйынында депутат Тазабек Икрамов мектептерди интернет менен камсыздоо маселесин көтөрдү.
"Бүгүнкү күндө өлкөдө 2218 мектеп бар. Булардын 1525и интернетке туташтырылган эмес. Билим берүү министрлиги 163 миллион сомго 620 мектепти интернет менен камсыздаганы жатат. Бул кайсы мектептер? Алыскы айылдардагы жана бийик тоолуу аймактардагы мектептер тизмеге киргенби? Интернеттин сапаты кандай болот? Бул тууралуу маалымат берсеңиз", - деп кайрылды өкмөт өкүлүнө Икрамов.
Айта кетсек, өлкө аймагында 2017-жылы 620 мектеп интернет кызматын пайдалана баштамакчы. Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсү боюнча, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн чечими менен министрликке алгачкы жолу 300 миллион сом каражат бөлүнгөн. Бул сумманын 163,6 миллиону мектептерди интернетке туташтыруу үчүн, ал эми калган каражат жабдууларды алууга жумшалмакчы. 2017-жылдын 1-сентябрына чейин 620 мектептин 70 пайызы интернетке кошулса, 30 пайызы жыл аягына чейин туташтырылат.