Бишкекте унаа сүзүп кеткен эки студент кыздын абалы оор

Бишкекте унаа сүзүп кеткен эки студент кыздын абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Илим изилдөө жана ортопедия борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, эки студент кыздын баш мээси катуу жабыркаган. Учурда экөө тең жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми айдоочу жалпы палатада дарыланууда.

Айта кетсек, жол кырсыгы 14-декабрь күнү саат 18:40 чамасында Медеров көчөсүндө болгон. Анда күн чыгышты көздөй келе жаткан айдоочу унаасы менен эки студент кызды сүзүп, бирин тебелетип кеткен. Алар Кыргыз улуттук агрардык университетинен сабактан чыгып келе жатышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Saribulak
2016-12-15 16:08:16
Жакшы болуп айыгып кетишсин баары тен. Айдоочу эле эмес жоо жургондорда абайлаш керек! Кеебирлери пешехотдон тимеле менин жолум дегенсип эки жакты карап койбой отушот. Сактансан сактайм дейт, балким айдоочунун тормозу иштейбей калгандыр же
Мастыр байкабай калгандыр, ар бир адам озуно сак болушса жолдон.
+5
Muratmipa
2016-12-15 17:29:35
Оозун ачып эки козу телефондо болгон болсо керек
+4
Muratmipa
2016-12-15 17:35:52
Исфанада окмот канча деген акча коротуп тратуар жасады эле биздин элдин ХХХ айырмасы жок машине жургон жолдон журот
+3
admin_portal
2016-12-15 17:38:50
Muratmipa, этика нормаларын сактаңыз!
-1
semo
2016-12-15 18:08:47
Жакшы болуп кетишсин аллахым шыпаа берсин
+3
leilek_suluktu
2016-12-15 23:05:34
эми ким кунолуу айдочу же студент кыздар менимче эки жак тен кунолуу. азыр кыздар бейбаш болуп кеткен жолдун четинен басышпай жолдун ортосунан басышат кулакта наушник.
+1
Revolyutsiya
2016-12-17 06:15:46
Копчулук билип билбей эле кыздарды куноолууго чыгарып коюптур да. Эгер кыздар пешеходдон отуп бараткан болсо албетте айдоочу куноолуу болот. Айдоочу пешеходдо адам корунсо корунбосо да ылдамдыгын жайлатат. Экоону сузуп кеткенине караганда айдоочу катуу келе жаткан...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан