Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик агенттик Кытайдын Паньцзинь шаарынын администрациясы менен "Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тармагындагы кызматташтыкты жакшыртуу тууралуу" меморандумга кол койду. Бул тууралуу агенттиктин расмий сайтында кабарланат.
"Меморандумдун негизги максаты - агенттик менен Паньцзинь шаарынын кызматташтыгын жакшыртуу, ошондой эле "Лэнд Оушен Энерджи Сервис Ко ЛТД" компаниясы жана "КНГ Гидрокарбонс" жабык акционердик коомунун долбоорлорун ишке ашыруу", - деп жазылат маалыматта.
Долбоорлордо мунай иштетүүчү заводдорду куруу, оңдоо, иштетилчү аймакты реконструкциялоо, мунайды казуу жана өлкөнүн аймагынан мунай табуу каралган.
Айта кетсек, "КНГ Гидрокарбонстун" Жалал-Абаддагы Таш-Көмүр аянтында мунай жана газ иштетүүгө лицензиясы бар.