25-апрель күнү саат 15:30да Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы борбордук аянтта кыргыз-кытай маданият жана достук фестивалы өтөт. Фестивалдын максаты - Кыргызстан жана Кытай элинин ортосундагы эзелтеден келе жаткан мамилелердин маданий биримдигин бекемдөө болуп саналат. Анда эки элдин улуттук буюмдары жана тамак-аш көргөзмөлөрү менен башталып, концерттик программа менен уланарын шаардык мэриядан билдиришти.