Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы казакстандык олигарх Мухтар Аблязовдун билдирүүсү боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылды. УКМК ал билдирүүдө айтылгандарды иликтеп чыкмакчы. Бул тууралуу 15-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Аблязов жакында франциялык басылмалардын бирине маек берип, анда 2005-жылы Кыргыз Республикасындагы революцияны каржылаганын айткан.
Казакстандын мурунку энергетика министри Мухтар Аблязов 2009-жылы өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Ал Казакстанда каржылык махинация иштери боюнча айыпталып, соттук иликтөөлөр башталары менен ага эл аралык издөө жарыяланган. 2011-жылдан 2012-жылга чейин Улуу Британияда баш калкалап, 2013-жылы 31-июлда Франциянын Ницца шаарынан кармалган. Бирок Франция өлкөлөр ортосунда тийиштүү макулдашуу жоктугун жүйө келтирип, аны Казакстанга өткөрүп бербей келет.