14-декабрь күнү саат 22:30 чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Комсомол айылында бир канча адамдын мушташып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барган учурда 27 жаштагы К.Анын бычакталган жансыз денеси табылган.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Н.У. кармалган. Ал сурак учурунда 14-декабрь күнү иштери менен аталган айылга барып калганын жана тааныштарынын бири аялынын туулган күнүнө чакырганын айткан.
"Кылмышка шектүү Н.У. Комсомол айылындагы тааныштары менен бирге спирт ичимдигин ичип, ортодо чыр чыккан. Кийин ал колуна бычак алып жанындагыларды бычактап салган. Анын кесепетинен 27 жаштагы К.А. окуя болгон жерден каза тапкан. Ал эми А.З., Ш.Ж., К.Э. аттуу жарандар бычактан жараат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда Н.У. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматында.