10-14-декабрь аралыгында Бишкек-Ош унаа жолунда 59 артиллериялык атуу менен 393 миң куб метр кар түшүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.
"Ош-Бишкек унаа жолунда кар көчкүнүн алдын алуу максатында артиллериялык атуулар жүрдү. Жыйынтыгында 4 күн ичинде 393 миң куб метр кар түшүп, жолдорго жеткен жок. Атуулар Чүй облусунун Жайыл районунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иштерин ӨКМнын ыкчам тобу Башкы штабдын артиллериялык эсеби менен биргеликте аткарды.