44 жыл мурун, 1972-жылы 15-декабрда БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасы - ЮНЕП түзүлгөн. Дал ушул күнү Швециянын борбору Стокгольм шаарында БУУ айлана-чөйрөнү коргоого арналган конференция өткөрүп, бул программа кабыл алынган.
ЮНЕП 58 мамлекеттин өкүлдөрүнөн түзүлгөн Башкаруучулар кеңешинин алдында иштейт. Ал эми Башкаруучулар кеңешинин мүчөлөрү жыл сайын Кениянын борбору Найроби шаарында жайгашкан штаб-квартирасында чогулуп турушат.
1997-жылдын февраль айында өткөн Башкаруучулар кеңешинин 19-сессиясында Найроби декларациясы кабыл алынган. Анда "ЮНЕП глобалдык экологиялык күн тартибин аныктаган башкы жаратылышты коргоо уюму болуп эсептелет" деп жазылган.
15-декабрга карата жылнаама.