Саналуу күндөрдөн кийин дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө Жаңы жыл майрамы белгиленет. Учурда бул күнгө карата Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтын майрамдык жасалгалоо, кооздоо иштери кызуу жүрүп жатат. Шаар тургундары аянтты жасалгалап жаткан жумушчуларды кызыгуу менен күзөтүп, жасалгалардын жанында сүрөткө түшүп жатышкан кези. Ошондой эле бүгүн Чүй облусуна караштуу Беловодское айылындагы Психоневрологиялык балдар
интернат-үйүнүн тарбиялануучулары балатыны кооздоодо кызматкерлерге жардам көрсөтүшкөн.
Мэриянын берген маалыматына ылайык, быйыл орнотулуп жаткан балаты улуттук орнаменттер менен кооздолууда. Шаардагы жарыктарды жаңылоого 16 миллион сом, балатыны жасалгалоого 900 миң сом бөлүнгөн. Анын жаңы жылдык шамдары 19-декабрда жандырылат. Бийиктиги 25 метрге барабар болгон жаңы жылдык балатыны "Бишкек свет" жана "Тазалык" ишканалары орнотушууда.