Быйыл Ысык-Көл облусунда 179448 гектар жерге айыл чарба азык-түлүктөрү себилет

Быйылкы жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү максатында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн атайын токтому менен атайын штаб түзүлгөн. Учурда штаб өзүнүн милдеттери менен алектенип, бир катар иштер аткарылууда. Бул тууралуу облус башчысынын басма сөз катчысы Назира Муканбетова маалымдады.

2013-жылы облус боюнча 179448 гектар жерге айыл чарба азык-түлүктөрүн себүү милдети турат. Анын ичинен 96742 гектар жерге дан эгиндери жана буурчак себүү пландалган. Тактап айтканда, 61357 гектар аянтка буудай, 25183 гектар жерге арпа, 200 гектарга сулу, 33 гектарга гречиха, 35 гектарга төө буурчак, 21 гектар жерге башка дан эгиндери себилет. Мындан тышкары 29000 гектар аянтка картошка, 2336 гектарга жашылча-жемиштер, 140 гектарга май өсүмдүктөрүн,  160 гектарга тоют өсүмдүктөрүн жана 51070 гектарга көп жылдык чөп себүү каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан