Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары үчүн Жаңы жыл майрамына карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, калаанын төрт районунда тең жаңы жылдык иш-чаралар, ошондой эле Ибраимов-Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жылдын алдында жарманке уюштурулат.
19-декабрда саат 19:00дө өлкөнүн башкы балатысы жандырылып, майрамдык концерт тартууланат.
25-декабрда саат 10:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 1000 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага, жарым жетим, толук жетим балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык майрам уюштурулат.
29-декабрда саат 15:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 1100 жетим, жарым жетим балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун балдарына, ЧАЭС, Ооган согушуна катышкан үй-бүлөлөрдүн балдарына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, ар түрдүү сынактардын жеңүүчүлөрүнө жана жакшы окуган окуучуларга жаңы жылдык балаты өткөрүлөт.
31-декабрда борбордук "Ала-Тоо" аянтында майрамдык театрлаштырылган концерт, элдик эс алуулар өткөрүлүп, иш-чара эртең мененки (12:00дөн 15:00гө чейин) жана кечки (20:00дөн 24:00гө чейин) бөлүктө өтөт.
"Кечки бөлүгүндөгү концерттик программада шаар тургундары үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа тартууланат. Борбордук аянтта жана Д.Асанов атындагы сейил багында саат 00:00дө жаңы жылдык фейерверк аттырылат", - деп жазылат маалыматта.