Орусия 2013-2014-окуу жылдарына 400 студентке стипендия бөлүп берет. Бул тууралуу 23-апрелде Москвада премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуу учурунда Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев билдирди. “Ушул жылы Кыргыз-Орус Славян университети 20 жылдык мааракесин белгилегени турат, ошол себептен кыргыз студенттерине стипендия бөлүүнү көздөп жатабыз. Эки өлкөнүн гуманитардык кызматташтыгы мындан да өнүгөт деп ишенем. Аталган окуу жайды өнүктүрүү үчүн биз бардык аракеттерди жумшайбыз”,- деди Медведев.