17-декабрдан 19-декабрга чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, карга айланат. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Унаа жолдору тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү жаралат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5... -10, күндүз 0... -5 градус суук болот. Тоо этектеринде түнкүсүн -8... -13, күндүз -2... -7 градус суук болору күтүлөт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондорунда түнкүсүн -14... -19, күндүз -5... -10 градус суук болот. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20... -25, күндүз -10... -15 градуска чейин суук болору күтүлөт.