Журналисттин Алепподогу үрөй учурган селфиси коомчулукту кыжырдантты (нерви жукаларга сунушталбайт)

Кечээ, 15-декабрда Сириянын Алеппо шаары жоочулардан бошотулганын дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Орусиялык ММКлар операциянын жүрүшүндө 100 миң жергиликтүү тургун бошотулганын, алардын жарымы кичинекей балдар экенин жазышкан. Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн башкармалыгынын башчысы Виктор Познихирдин айтымында, миңдеген жоочулар өз ыктыяры менен Алепподон чыгып кетишкен, алардын жарымынан көбүнүн күнөөлөрү кечирилген. 900дөй жоочу, ондогон аскер техникасы жок кылынган.

1000ден ашуун террорчу 20 автобус, 10 "Тез жардам" кызматынын унаалары менен Алепподон Сириянын Идлиб шаарына чыгарылганы БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистураны бушайман кылууда. Анын ою боюнча, Идлиб шаарын да Алеппонун тагдыры күтүп турушу мүмкүн.

Ал эми батыш ММКлары Алеппону бошоткон аскерлер бул операциянын жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын айрымдарын мыкаачылык менен өлтүрүшкөнүн жазышууда. Мындан улам Европанын кээ бир шаарларында тургундар нааразычылык билдирип, Париждеги Эйфель мунарасы өчүрүлгөн.

Ошол эле маалда араб ММКлары Сириянын Мамлекеттик маалымат агенттигинин журналисти Сильви Кенана Аллуштун кылыгын катуу сындап жызышты. Анын өлүктөрдүн фонунда түшкөн селфи сүрөтү интернетке жайылып, социалдык тармактын колдонуучуларын кыжырдантты.

"Мындай сүрөттү журналист биринчи ирет жарыялап жаткан жок. Ал сириялыктар менен арабдардын сезимдери аркылуу чагымчылык кылууда", - деп жазышкан араб ММКлары.

Ал эми журналист өзүнүн сүрөтүндөгү каза болгондор Алепподогу, Сириянын башкаруучу администрациясына кол салган жоочулар экенин жазган.

Алеппо жоочулардан "бошотулгандан" кийин
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
leilek_suluktu
2016-12-16 10:32:42
сирия опасный жер кудай сактасын.
+2
Aylin.91kg
2016-12-16 10:37:35
Аллахым мусулман бир туугандарыбызды озун сакта!!!
+9
leilek_suluktu
2016-12-16 10:47:33
журналистин олуктор менен суротко тушкону учун жазасын алса экен. мусулман эмес окшойт кыз орус христиан окшойт орус оюдагын кылат.
+18
Shirin_N88
2016-12-16 11:42:02
Олуктордун жанында ХХХ тушкон кандай адам бул,орус мед.сестралардан коро ушул журналист кыз ХХХ.
+4
admin_portal
2016-12-16 11:54:06
Shirin_N88, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
-3
Abubakir05
2016-12-16 14:27:46
Медсестра болсо эле коркбош керекби экен медиктердин журогу жумшак боорукер болот
Олгон адамдан ар бир адам бир жолу болсо да чочуп алат бул журналисттин тушкону ар бир адамды кыжырдантат.
+6
AIZAD
2016-12-16 16:28:27
Андан дагы кулуп тушконун, ХХХ кеткенби дейм!!!
+4
admin_portal
2016-12-16 16:53:25
AIZAD, этика нормаларын сактаңыз!
-2
PeRa
2016-12-17 14:40:01
Кечке согуш боло берип, олгон адамдар жатабы, тируу адамдарбы баары бир болуп калган го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан