Өзбекстанда союлган эшектердин сөөктөрү табылып, күч органдары тарабынан кылмыш иши козголду

Өзбекстандын Самарканд шаарында бир канча эшектин сөөктөрү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эшектин сөөктөрү Хишрав кыштагына жакын жайгашкан жерден табылган. Сөөктөрдү Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын 50дөн ашуун кызматкери өрттөп көмгөн. Көмүлгөн аймак атайын дезинфекцияланган. Бүгүнкү күндө аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, укук коргоо органдары кандай максатта эшектер союлгандыгын тактоодо.

Кыштак четинде үйүлүп жаткан эшектер туурасында жергиликтүү журналист жазып чыккандан кийин гана бийлик өкүлдөрү кыймылга келип, көмүү аракетин баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
salimbek87.kg
2016-12-16 10:42:06
Бизде болсо бийликтегилердин бизнеси бул .
+22
Dadasdasd
2016-12-16 10:46:31
Эми кийинки муун эшектерди диназаврдай жоголуп кеткен жандык катары кабыл алып калбаса.
+32
Revolyutsiya
2016-12-16 10:47:51
Озбекистан бул окуяга бат эле чекит коюп куноолуулор жазасын алат. Бизде 2 жылдан бери канча эшек союлду, ветеринария менен санэпстанциядан барып дезинфекция кылып комгон учур болду беле, кайра биздикилер "баары жайында" деп сертификат жазып берет. Милиция уурдалган эшектерге "сатып алынган" деп жасалма кагаз карматат. Коросунор го Озбекистан чара корот, ал эми бизде жок, анткени биздин бийлик озу - эшек сатарлар!!!
+36
Saribulak
2016-12-16 10:55:02
Бироого сын такпаш керекда негизи. Озубек туугандар жаман эле болуп атышты эле бизди эшек жейт деп. Жакшы болду ооздорун жабып калышсын
+9
adyl.xxxxx
2016-12-16 10:55:47
Кимге - кимге, байкуш эшеке эле кыйын болду өзү.
+4
KGstan1981
2016-12-16 11:19:09
Озбекстанда эмне болсо дагын Кыргызстанга караганда мыйзам кучтуу ж-а тартип бар.Ал эми бизде болсо чондорубуз тим эле болбой тоону оодарышкандай мактанышып жатпайбы Кытайга мыйзам турундо 800 эшекти экспортодук деп.Ал эми Иса Омуркуловтун журт атасы референдум откондон бери корунбойт майрам кучту болуп жатат окшойт))))
+13
leilek_suluktu
2016-12-16 11:29:29
ваха киргизлар эшакнинг харом гушини ейдилар деп озбектер айтканы кулагым менен эшиткем. эми озбектердин оозу жабылып калат экенда
+6
terabait
2016-12-16 12:27:07
leilek_suluktu,ошол айтпаш керек эле айтты эле туугандарга шап жабышты ничего туугандар деле арамды адал кылып ийет
+6
temirov76
2016-12-16 13:46:58
Макул эми болору болуптур дечи бирок өзбек бийлигинин тез арада чара көрүп жатканын айтбайсыңарбы,а биздин бийликчи,неге чара көрбөйт?
+6
dina-85
2016-12-16 14:27:45
Эшектин этиген колбаса жасап чыгарышат деген соз чын турбайбы)))
+4
Dadasdasd
2016-12-16 15:19:24
1000 эшек чогулткула минип алып ак уйдун жанына Эшек митингине чыгабыз. Эркекче
+8
Keremet008
2016-12-16 16:26:17
Кордунбу алар факт катары фото тартып а бизде дырдай жыланач жатат го эшкалар кыпкызыл бп. Аны ар жактан келген ит,куш жеп жок кылат а соокторун кокус жаш балдардын колуна тийсе жер чукуп ойнойт. Откондогу Алайда Мурдаштагы эшектер жым-жым эле бп кетти го Илязды созго тартпайбы эмне кылып журосун карабайсынбы учасков жибербейсинби деп
+5
NURTILEK_KG
2016-12-16 17:23:13
жаш убакта аябай эшектер коп болчу ээси жокта журо берчу азыр кочодон эшек корбойсун
+1
maks83
2016-12-16 19:35:01
аларда мыйзам иштейт турбайбы.
0
Abdyrashit.Satylganov
2016-12-16 23:22:17
Жерге көмүп жакшы кылыптыр...дагы канча бир кылымдан кийин урпактарыбыз казып алып ушундай жаныбар болгон экен дешип. Изилдешет
0
Juke.kg89
2016-12-17 01:08:24
Бизде жарыя кылып көрсөтүп эле койгон,булардай кылып дезинфекциялоо деген нерсесин көрбөдүк го биздикилердин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан