Ош облусунун Кара-суу районундагы 27 жаштагы аялы менен 36 жаштагы күйөөсү мас болуп, 4 айлык Айзирек аттуу кызын кайда калтырганын унутуп коюшкан. Окуя тууралуу аялы менен күйөөсү 20-апрелде Кара-Суу РИИБине кайрылып, бирок бул күнү наристе табылган эмес. Эртеси күнү милиция кызматкерлерине аталган райондун жашоочусу дүкөндүн жанынан бала таап алганын кабарлаган. Билдирүүдөн улам, кыздын ата-энеси менен Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери барып, табылган кыз Айзирек экени аныкталды. Мындан улам, баласын тапкан ата-энеси Айзиректи алып, изин жашырып качып кетишкен.